• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Эки жылда Чүй облусунда 1,2 миң үй-бүлө чакан бизнес ачты – Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Эки жылдын ичинде Чүй облусундагы 1217 үй-бүлө чакан бизнес ачты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова "Социалдык контракт" программасын ишке ашыруу боюнча окутуунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, бул үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон берилген.

“Бүгүнкү күндө программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берген кирешелерди алышат. Алардын ичинен 67% дан ашыгы - балдар, майыптыгы барлар - 4% түзөт”, - деди ал.

Бул окутуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин демилгеси менен акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер жана айыл өкмөттөрү үчүн уюштурулду.

Окутуунун жүрүшүндө аларга 2024-жылы катышуучуларды тандоодо критерийлер жана артыкчылыктар, бизнес-долбоорлорду андан ары ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий