• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Садыр Жапаров Малайзиянын парламентинин төрагасы каза болгонуна байланыштуу премьер-министрине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге Малайзия Парламентинин Сенатынын Төрагасы Мутанг Тагалдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Малайзия парламентинин сенатынын төрагасы Мутанг Тагалдын мезгилсиз дүйнө салгандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум Мутанг Тагал Малайзиянын өнүгүшүнө жана анын элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Анын Малайзиянын эли үчүн жасаган эмгеги түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй–бүлөсүнө, жакындарына жана Малайзия элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий