• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Мамнун Хусейнди Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хусейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Улуттук майрам – Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилелери жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Мамнун Хусейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий