• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кымча белдүү болгуңуз келсе, бул азыктардан баш тартыңыз

Дүр дүйнө 0

Ар бир айым ичи кирип, бели ичке болуп, сымбаттуу көрүнүп турууну каалайт эмеспи. Тилекке каршы, көптөгөн аялдар үчүн максатка жетүү үчүн эч кандай диета, көнүгүүлөр жана башка чаралар жардам бербейт. Сиз эки капталыңызда топтолгон ашыкча майлардан арылуу үчүн болгону айрым азыктарды жегенди токтотуу керектигин билчү белеңиз?

Ун азыктары, таттуулар

Ун азыктары – келбеттүү болуудагы башкы душмандар. Ун көп болгондуктан бул азыктар биздин ичибиздеги катмарларды түзүп, топтолуп калышат. Андыктан сиз нан азыктарынын бардык түрүн сатып алуудан баш тартышыңыз керек: нан, булочка, рогаликтер, пирожки, торт, пирожное.

Кондитердик азыктардын курамында жеңил сиңирилүүчү көмүртектер көп. Аларды жеген соң курсак тойгондой болуп калат, бирок кайра тез эле өзүңүздү ачка сезип, кайрадан бир нерсе жегиңиз келет. Бул азыктар сөзсүз түрдө белиңизге ашыкча сантиметрлерди кошот. Өз рационуңуздан балмуздак, сүт кошулуп жуурулган нан азыктарын, креми бар пирожное, сүттүү шоколад жана кыямды чыгарып салыңыз.

Кумшекердүү азыктар

Таза кумшекерди, ошондой эле айрым кумшекер кошулган азыктарды жегенден карманыңыз. Бул биринчи кезекте сатып алынган ширелер, момпосуйлар, печеньелер.

Кумшекерди балга алмаштырууга болот. Бул даамдуу азык сиздин дене боюңуздун сымбатына таасир бербейт.

Туз

Тузду пайдалануу абдан азайтуу керек. Белгилүү болгондой, бул азык организмде суунун кармалып турушун камсыздап, шишиктердин пайда болушуна алып келет.

Крахмал

Арыктоону каалагандар сууга бышырылган картошка жешсе болот, айрыкча жаңы картошканы. Куурулган картошкадан баш тартканыңыз оң. Анткени бул жашылча крахмалга бай жана ал ашык салмак топтоого шарт түзүп, сиздин организмге пайда алып келбейт.

Ак күрүч жана буудай акшагы (манка)

Ак күрүчтө крахмал жетиштүү түрдө болгондуктан ал сиздин денеңизге пайдалуу эмес экени анык. Албетте, ак күрүчтөн толук баш тартуунун кереги жок, бирок жумасына күрүчтүн эки порциясы менен чектелиңиз. Өз рационуңузга күрөң күрүч кошуңуз: аны эч чектөөсүз жегенге болот.

Эгерде сиз манканы жакшы көрсөңүз, тилекке каршы, аны дагы унутууга туура келет. Антпесе ашык салмактан арылуу кыйла кыйын болуп калат.

Банан, жүзүм

Кызык болгону менен дарыгерлер бул эки жемишти май катмарларын пайда кылат деп эсептешет. Андыктан аларды ченем менен жегениңиз туура.

Ээрип кете турган каша жана мюслилер

Бул азык жөнөкөй көмүртектерге байытылган. Демек, бул тез эле курсагыңыз ачкан сезим келерин айтат.

Майлуу эт, майлуу шорполор

Мында бардыгы түшүнүктүү: эттин шорпосунда жана майлуу этте холестерин абдан көп. Бул арыктоону каалагандардын азыктары эмес.

Ышталган, консерваланган азыктар, майонез

Дүкөндөрдө сатылган соустар, ошондой эле ышталган жана ар түрдүү консервалар организмде майды ээритүү процессин токтотот. Аларда май абдан көп, бул сөзсүз түрдө сиздин ашыкча салмактуу болушуңузга түрткү болот.

Эгерде сиздин арыктоо боюнча сырыңыз болсо биз менен бөлүшүңүз!

Пикир

Оставить комментарий