• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Организмибиздин коргоочу механизми болгон 9 таң калычтуу нерсе

Дүр дүйнө 0

Биздин денебиз – көптөгөн биологиялык процесстердин жана системалардын айкалышы. Чынын айтсак, алардын айрымдары бизге түшүнүктүү эмес. Алардын көпчүлүгү коргоочу механизмдердин топтому. Биздин денебиз жумасына 7 күн, 24 саат бою бизге зыян нерселерден коргоп турат.

Биздин организм жасаган 9 таң калычтуу нерсе:

Ыктытуу

Биз тамакты тезден жеп, чоң бөлүктөр менен жутуп же жөн гана ашыгы менен жеп алсак, бул ашказан жана диафрагма аркылуу өткөн мээден чыккан тентиме нервдерди дүүлүктүрөт. Натыйжада ыктытуу келип чыгат.

Эстөө

Биз негизинен чарчаган мээни сергитүү үчүн эстейбиз. Айрым окумуштуулардын айтымында, адам чарчаганда же курсагы ачканда эстейт. Ошондой эле агрессия же зеригүүнү билдирген эстөө да болот.

Чүчкүрүү

Демейде мурун каналдарында аллергендер, микробдор, чаңдар жана башка дүүлүктүрүүчү заттар өтө көп болуп кеткенде чүчкүрөбүз. Бул биздин денебиздин “таштандыдан” арылуу ыкмасы.

Керилүү

Биз ойлонбостон эле, алдыда күн бою күтүп турган физикалык жүктөргө денебизди даярдоо үчүн керилип алабыз. Керилүү булчуңдарды ысытып, кан айлануусун жакшыртат жана таң эртеден маанайыңызды көтөрөт.

Уйкуга кирип бара жатканда чочуп кетүү

Айталы дегенибиз, кээде уктап бара жатканда, кулап бара жаткандай сезим келип, чочуп ойгонобуз. Ушул учурда бардык булчуңдар катуу түйүлүп калат.

Бул феномен уйкуга кирип баштаганда, биздин дем алуубуз түшүп, пульс төмөндөп жана булчуңдар шалдая түшөрүнүн натыйжасы. Биздин мээбиз бул аракеттерди өлүм сыяктуу кабыл алып, куткаруу аракетинде булчуңдардын карышуусу менен чочутат.

Теринин бырышуусу

Манжа учтарынын терисинин бырышуусунун мааниси чоң. Дене жогорку деңгээлдеги нымдуулук менен кездешкенде, чөйрөнү сыйгалак катары сезет. Ошондуктан манжа учтарынын териси сыйгалак нерселерди кармоого ыңгайлуу болушу үчүн ушундай түргө өтөт.

Денеде бүдүрлөрдүн пайда болушу

Денедеги бүдүрлөрдүн негизги милдети – денедеги тешикчелер аркылуу чыккан жылуулуктун санын азайтуу. Тагыраагы, организм биздин жылышыбыз үчүн бардык нерсени жасайт.

Көз жаш

Көздүн чел кабыгын коргоодон тышкары, көз жаш эмоционалдык коргонуу каражаты катары да кызмат аткарат. Окумуштуулар стресстик жагдайларда биздин дене адамды сезип турган оорулардан алаксытуу үчүн чыңалуунун жаңы булагын пайда кылат деп эсептешет.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий