• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пайдалуу кеңеш: анарды ден соолук жана сулуулук үчүн колдонуу

Дүр дүйнө 0

Анардын курамында организмге жакшы жардам бере турган витаминдер, минералдык заттар, туздар жана микроэлементтер көп. Анда клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кычкылы, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Анарды шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот. Калориялуулугу: 100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар · 100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар болот. Анар ширеси табитти жакшыртат.

- Аз кандуулук менен күрөшүүдө 2 ай бою күнүнө 3 маал тамакка чейин 0,5 стакан жаңы сыгылган анар ширесин ичсе болот;

- Анардын дандарын артериалдык кан басым чукул төмөндөп кеткен жагдайда жеш керек;

- Анардын ичиндеги дандарын каптаган чел кабыктарды кургатып, чай катары демдеп ичсе нерв системасын тынчтандырат жана түн уйкуну жакшыртат;

- Атеросклероздон, өнөкөт баш оорудан арылуу үчүн үй шартында сыгылган анар ширесин ичип туруу зарыл;

- Ооруп турган тишти бал менен аралашкан анар дандарын жеп басууга болот.

Жашаргысы келгенде – анардын жалбырагын индиялык айымдар дары катары эле эмес, жашартуучу каражат катары да колдонуп келишет.

Бетке тактар чыкканда - анардын курамында лимон кычкылтеги бар болгондуктан аны бетти тазартуу жана тазалоо үчүн да каражат катары колдонсо болот. Ал беттеги пигменттик тактарды, безеткилерди, сепкилдерди кетирүү касиетке ээ. Талаада картошка казып иштеп колуңуз карарып калганда да ушул анардын ширеси менен жууп койсоңуз эч нерсе болбогондой сезесиз.

Чач өспөй, тырмактар түшө баштаганда – чачын бат өстүргүсү келгенде жана тырмактар түшө баштаганда анарды сүйүш керек.

Эскертүү: Анардын ширесине сөзсүз таза суу кошуп ичиш керек . Анткени, анын курамындагы көптөгөн кычкылтектер эмаль менен ашказанга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий