• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каттаманын кабаты канчалык көп болсо, ошончолук даамдуу болот

Дүр дүйнө 0

Кыргыз улуттук ашканасындагы өзгөчө азыктардын бири каттама. Учурда каттаманы дүкөндөрдөн сатып алууга болот. Бирок бул даамдуу нан азыгын үйдөн даярдасаңыз капчыгыңызды да үнөмдөй аласыз. Төмөндө аны дарядоо ыкмасы берилди.

Каттама – жука жайылган камырдын бетине сары май же каймак сүйкөлүп, бир нече катталып бышырылган нан. Каттама ачыбаган жаңы камырдан жасалат. Анын пияздуу каттама (камыры пияз чыкка жуурулат), жыттуу каттама (камыры сүткө жуурулуп, зире, сейдене кошулат) жана башка түрү бар. Катуу жуурулган камыр тыныккан соң, үбөлүктөлүп, бетине каймак же май сүйкөлүп, жумурулап катталып, төгөрөктөп оролуп, кайрадан жука жайылат. Каттаманын кабаты көп болсун үчүн жогорку ыкма дагы 2–3 ирет кайталанат. Казанга (кээде көмөч казанга) азыраак сары май куюп, кызыганда камырды салып, адегенде наркы бетин, анан берки бетине оодарып, кызарганча бышырат. Чети жабышып кетпес үчүн улам кашыктап май куят. Каттаманын кабаты канчалык көп болсо, ал ошончолук даамдуу болуп, жегиликтүү келет.

Пикир

Оставить комментарий