• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Куала-Лумпурда кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча башкы катчысынын орун басары Ахмад Розиан бин Абд. Гани менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду кеңейтүү, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти жана мындан ары да экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен кыргыз-малайзия мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий