• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Астана шаарында ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларын Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алды.

Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий