• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эрлан Абдылдаев Ташкентте БА ТИМ жетекчилеринин жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Ташкент, 8-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кечээ Ташкентте Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы ведомство башчыларынын жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун катышуучулары борборазия аймагындагы кырдаал, кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттер боюнча, андан тышкары жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун бирге издөө тууралуу пикир алмашышты.

Тараптар министрлик жолугушуулардын аталган форматынын пайдалуулугун белгилешип, жыйындын жыйынтыгында Борбор Азия ТИМ башчыларынын ушул сыяктуу форумун үзгүлтүксүз негизде өткөрүп турууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий