• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи: "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" т/ж куруу — бул маанилүү стратегиялык долбоор

Саясат 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу — бул “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагындагы маанилүү стратегиялык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу — кылымдык, эбегейсиз ири долбоор, ошондуктан бардык маселелер кылдаттык менен иштелип чыгышы керек. "Биринчи кадам - бул техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу. Былтыр үч өлкөнүн тиешелүү ведомстволору темир жолдун ТЭНсун иштеп чыгуу боюнча документке кол коюшкан. Биз аны иштеп чыгуу иштери өз мөөнөтүндө аяктап, июнда куруу иштери башталат деп үмүттөнөбүз", - деди элчи.

Ду Дэвэнь аталган темир жол Азия-Европа трансконтиненталдык жаңы көпүрөсүнүн маанилүү бөлүгү болуп калары шексиз экендигин баса белгиледи. "Кытай аркылуу Кыргызстан деңизге чыга алат. Темир жол Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле тийиштүү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт", - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий