• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ат-Башыда 58 млн сомго спорт комплекс курулат

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин атындагы айылда спорт комплексин куруу пландалууда.

Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Долбоордун сметалык баасы 58 млн 116 миң 569 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 22-майга чейин тапшыруу зарыл.

Спорт комлекстин курулушу републикалык бюджеттен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий