• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын бардыгы палатага которулду

Ден соолук 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Сузактагы унаа сүзгөн балдардын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы жакшыргандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Ал эми бут сөөгү жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

“Учурда ооруканага жаткырылган балдардын бардыгынын абалы туруктуу, ден соолуктары күндөн-күнгө жакшырууда. Бардыгы палатага которулду ”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий