• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда тургундарды 66,8 миң долларга алдап кеткен аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Кадамжайда тургундарды Англияга ишке жөнөтөм деп 66,8 миң долларга алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга 1983-жылы туулган С.Ы. кайрылып, чет өлкөгө жакшы маяналуу ишке жөнөтүү шылтоосу менен анын жана башка адамдардын ишенимине кирип, материалдык чыгымга учураткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Тактап айтканда, шектүү Т.Ч. жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишиден "виза ачып беремин" деп ар биринен 1400 доллардан акчасын алгандан кийин изин жашырып кеткен. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы чыгым 66 миң 800 долларды түзгөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү 3-май күнү "Ак-Жол" өткөрмө посту аркылуу Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул шектүү жарандын мыйзамсыз аракетинен жабыр атркан жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий