• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында бир жумада 224 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 10нан 16-декабрга чейинки аралыкта 13 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 62;
- мас абалында унаа башкаруу - 224;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 27;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 283;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 070;
- транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу - 5 636;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 3 207.

Пикир

Оставить комментарий