• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты

Спорт 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда futsalworldranking.com сайты футзал боюнча дүйнөлүк рейтингдин кезектеги версиясын жарыялады. Анда Кыргызстандын курама командасы 122 команданын ичинен 44-орунга илинди.

Рейтингдин алдыңкы ондугунда:
1. Бразилия
2. Испания
3. Португалия
4. Аргентина
5. Россия
6. Казакстан
7. Иран
8. Марокко
9. Украина
10. Парагвай.

Пикир

Оставить комментарий