• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Азия оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны 4-августтан 24-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат.

Курама команданын тизмеси:

  • Нуржигит Дүйшөбаев 51 кг ЭДСЧ;
  • Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг ЭДСЧ;
  • Аскат Култаев 63.5 кг СЧ;
  • Нурадин Рустамбек уулу 71 кг СЧ;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг ЭДСЧ;
  • Эркин Адылбек уулу 92 кг СЧ;
  • Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу;
  • Улан Сагынбаев улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий