• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин Ленин районунда жол белгилери жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда жол белгилери жаңыланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы район аймагындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго ак-кызгылт сары түскө боеп баштады.

6 адамдан турган топ төмөнкү объектилерде иштеп жатышат:
- Гагарин көчөсү, №84 орто мектеп;
- Ашар көчөсү, №77 орто мектеп;
- Каховская көчөсү, №7 орто мектеп;
- Лущихина көчөсү, №59 орто мектеп;
- Алыкулов көчөсү, №42 орто мектеп;
- Ремесленая көчөсу, №74 орто мектеп ;
- Гагарин көчөсү,№55 орто мектеп ;
- Ак Ордо жаңы конушу № 96 орто мектеп;
- Интергельпо көчөсү, №50 орто мектеп;
- Павлов көчөсү, № 31 орто мектеп ;
- Жаш Гвардия бульвары №8 орто мектеп;
- Орок көчөсү, №90 орто мектеби;
-Миң-Куш көчөсү, №93 орто мектеби;
- Гагарин көчөсү, №25 орто мектеп.

Тиешелүү белгилер жок болсо, аларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Ленин районунун аймагындагы окуу жайлардын айланасындагы жол белгилерин жаңылоо аяктагандан кийин Октябрь районунда иштер башталат.

Пикир

Оставить комментарий