• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү жасады

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү күн мурун орун алган окуядан соң биргелешкен билдирүү жасады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 8-майда Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун жана Тажикстандын Согди облусунун Джаббар-Расул районунун жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • тараптардын жарандары жана чек ара кезмети ортосунда чыккан чыр-чатактын жалпы себептери;
  • чек арага канатташ жашаган мал жайып жүргөн тургундардардын жүрүм-туруму;
  • кыргыз -тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу чек ара чыр-чатактарын болтурбоо маселелерин чечүү.

Тараптар жумушту жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде уюштурууну (эки республиканын чек арага канатташ райондорунун акимдери ортосунда), багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки мамлекеттин чек арага канатташ райондорунун калкы ортосунда жакшы коңшулук жана туугандык мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууну макулдашышты.

Эскерте кетсек, күн мурун, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алган.

Пикир

Оставить комментарий