• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

15-20 жылдап иштеген бир топ медиктер электрондук система киргизүүгө каршы чыгышууда - Талантбек Батыралиев

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. 15-20 жылдап иштеген бир топ медиктер электрондук система киргизүүгө жолтоо болушуп, компьютер алууга каршы чыгышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ведомствонун башчысы Талантбек Батыралиевдин айтканына таянып билдирди.

“Ошону менен катар эле бир катар жетекчилер жаңы системага өтө алышты. Мисалы, Оштогу балдар ооруканасы, Ысык-Көл облустук ооруканасы, Жайыл, Ноокат аймактык ооруканалары, Улуттук хирургия борбору. Ал жердеги врачтар иштөө оңой болуп калганын айтышууда. Башка ооруканаларга бюджеттен ушундай эле каражат бөлүнсө деле, алар иштөө ыкмаларын өзгөртүүнү каалабай жатышат. Менеджментте башкача мамиле талап кылынары белгилүү да”,-деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы эски системадан улам мезгилдүү пландык аудитордук анализде массалык тартип бузуулар чыгып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий