• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

9-майда Бишкектин борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет - көчөлөрдүн тизмеси

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Бишкекте 9-Май - Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоого байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, бүгүн түнкү саат 00:00дөн тарта эртең иш-чара аяктаганга чейин жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:
- Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Шопокова көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин;
- Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдү бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий