• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонддун колл-борборуна 10 айда 12,4 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Социалдык фонддун сall-борборуна үстүбүздөгү жылдын 10 айында 12 миң 484 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын октябрында колл-борборго 1 миң 413 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 1 миң 46 телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 367 түшкөн кайрылуулар.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, Соцфонддун колл-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номуру аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий