• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан суу объектилери текшерилди

Коом 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун аймагында рейддик текшерүү жүргүзүлүп, суу объектилеринин жанында тыюу салынган белгилердин бар экендиги текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү муниципалдык администрациянын “Суу объектилериндеги кырсыктарды алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө” кабыл алынган буйругуна ылайык жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чарага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле №20 МАБдын жана № 21МАБдын кызматкерлери катышты.

Текшерүү учурунда Чоң Чүй каналынын Тоголок-Молдо, Осмонкул, Үсөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрү менен кесилишиндеги агымы каралды.

"Урматтуу ата-энелер сак болуңуздар! Балдарыңыздарга сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде түшүүгө болбой тургандыгы жөнүндө түшүндүрүңүздөр! Анткени, балдардын өмүрү жана коопсуздугу баардыгынан жогору", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий