• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки адам каза болду, алтоонун абалы оор. Кара-Көл шаарында ири жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымында (Капчыгай тилкеси) "Хонда Одиссей" жана "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, алты жүргүнчү жабыркаган. "Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалдары оор", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий