• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Honda Fit менен BMW кагышып, беш жөө жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Бишкекте Патриса Лумумба жана Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Милициянын кайгуул кызматынан "Кабарга" билдиришкендей, BMW автоунаасы андан ары сүрүлүп барып, беш жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Үч жаран реанимацияга жаткырылган.

Учурда автоунаалар айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий