• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө эки бөлмөлүү 30 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 70 чарчы метр сарай, 450 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кичи-Арал айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсузудук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий