• 88.68
  • 95
  • 0.95

Израилдин соккусунан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 11 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Израиль тараптын Газа тилкесине жасаган соккуларынын натыйжасында курман болгондордун саны 11 миң 240ка жетти. Бул тууралуу РИА Новости анклав бийликтеринин кеңсесине таянуу менен билдирди.

“Израилдин соккусунан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 11 миң 240ка жетти, алардын 4 миң 630у балдар. Жаракат алгандардын саны 29 миңге жетти, алардын 70 пайыздан ашыгы балдар", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий