• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистанда 30га жакын адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Пакистандын Белуджистан провинциясында автобус менен күйүүчү май ташуучу унаа кагылышып, кеминде 27 адам каза болгон. Бул тууралуу Day.Az агенттиги билдирет.

Белгилүү болгондой, автобус жүргүнчүлөрү менен Карачи шаарынан Панджгурга бара жаткан. Жол кырсыгынын жыйынтыгында күйүүчү май төгүлүп, эки унаа тең күйүп кеткен.

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, маркумдардын денелери жакындарына ДНК – экспертизасын жүргүзгөндөн кийин гана тапшырылат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык рулду башкар албай калган автобус айдоочусунун айынан болгон.

Пикир

Оставить комментарий