• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: Сот-укуктук реформага каралган 13,6 млн евро кайда жана кандай жумшалганын текшериш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында каралган 13,6 млн евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек. Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Улуттук мыйзамдар башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүбүздүн элибизге кызмат кылышы керек», - деди Зулушев.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров сот реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн евро көлөмүндө каражат каралган. Анын ичинде, 3 млн евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок, жарандарыбызда азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу деле түшүнүк жок болуп чыкты, деди депутат.

Жапаровдун айтымында, каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан сот-укуктук реформа алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий