• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта нанды негизсиз кымбаттаткан соода борборуна айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Талас шаарындагы соода борборлорунун бирине айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Талас шаарындагы И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан "Эконом" соода маркетинде 1-сорттогу буудай унунан жасалган 330 гр салмактагы бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Тактап айтканда, дүкөндө бөлкө нан 3 сом 50 тыйынга кымбат сатылып жаткан.

Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Эконом” маркетинин ээсине КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 290-беренесине ылайык 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Талапка ылайык, Талас облусунда 1-сорттогу буудай унунан жасалган 330 грамм салмактагы бөлкө нан 21,50 сомдон сатылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий