• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов консулдук жыйымды көбөйтүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер - 2023" форумунун жүрүшүндө консулдук жыйымды көбөйтүүнү сунуштады.

Анын айтымына караганда, учурда мигранттар үчүн жыйым өтө төмөн, болжол менен 2-3 АКШ долларынын тегерегинде.

"Чет жердеги кыргызстандыктардын жашоо деңгээли мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырды. Менимче, алар жок дегенде 50 доллар төлөй алышат. Бул өз өз учурунда чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иштешине салым кошот",- деген пикирин билдирди Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий