• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мугалимдер арасында дил баян сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкекте “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлыктын алкагында Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Адамзаттын мугалими Айтматов-Дүйшөн жана мен” аттуу дил баяндар сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында 1-орунду №82 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раида Өзүбекова ээлесе, 2-орунду №69 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Муса Мамбеталиев менен №68 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбетосмон кызы Алида бөлүштү, 3-орунду №17 жана №89 мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Токтогүл Дооронбекова жана Нуржан кызы Алина багындырды.

Белгилей кетсек, сынакка 39 мугалим катышкан. Иш-чараны президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Айнура Сооронбаева жетектеди.

Пикир

Оставить комментарий