• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам катталган

Ден соолук 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 14-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам катталган.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиргендей, өлкөдө ооругандардын саны жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйөт.

Кант диабети дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат жана барган сайын актуалдуу болуп бараткан социалдык көйгөй катары изилденет.

Дүйнөдө:

- ар бир 15 жылда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйөт;

- жыл сайын 1 миллиондон ашык адам буту-колун кесип, 700 миңден ашууну көрүүсүн жоготот.

- ар бир 5 секундда кант диабети менен ооругандар бир адамга көбөйөт;

- ар бир 7 секундда бул оорудан 1 адам каза болот;

Ден соолугуңузга кам көрүңүз - текшерүүдөн өтүңүз!

Пикир

Оставить комментарий