• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда жер көчүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чикалов айылында жер көчтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 7 миң куб метрди түзөт.

Жеринде адистер тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайга кооптуулук жаралганы аныкталган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийликтин берген эскертмесинин негизинде көчүрүлгөн.

Маалымдалгандай, көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарга жайыт жерлерге мал багууга, жерди айдабоого, тоют жыйнабоого эскертүүлөр берилди.

Учурда Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келүүдө, анын тогузу ушул айылда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий