• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 25 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында "Өспүрүм-түн" аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Рейддин алкагында соода-оюн-зоок комплекстери, компьютер, оюн клубдары жана башка коомдук жайлар текшерилди.

Текшерүү ишинин жыйынтыгында түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 25 өспүрүм аныкталып, анын жетөө ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, ал эми 18 баланын ата-энесине ар бирине миң сомдон айып салынды.

Мындан тышкары, бардык балдар жана алардын ата-энелерине саат 22:00дөн кийин чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда жүрүшүнө жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий