• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Билим берүү министрлиги мектептерди 100 пайыз интернетке кошуунун үстүндө иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 100 пайыз интернетке туташтыруунун үстүндө иштөөдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда мектептерди дүйнөлүк желеге кошуу 67 пайызды түзөт.

КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттиги менен биргеликте республикадагы мектептерди интернетке 100 пайыз туташтыруу боюнча иш алып барууда.

Калган 693 мектеп окуу жылынын аягына чейин интернетке кошулушу күтүлүүдө.

Ведомстводон ушул жылдын сентябрь айынан баштап Кыргызстандын мугалимдери жана окуучулары кошумча билим берүүчү ресурс катары эки мультимедиялык комплекс алышкандыктан, интернетке туташтыруу ишинин маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле ушул жылдан тарта мугалимдерге квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярданууну онлайн түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Пикир

Оставить комментарий