• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды

Коом 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды.

"Соттун чечими менен №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин мурдагы директору Юрий Низовский Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар жана А.А. аттуу ата-энеден 10 миң сом өлчөмүндө сый акы алганы аныкталбагандыгына байланыштуу күнөөсүз деп табылды", - деп айтылат соттун маалыматында.

Бирок, Юрий Низовский 251-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда, 50 миң сом айып салынды.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгиленгендей, ал системалуу түрдө пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган.

Пикир

Оставить комментарий