• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун XV саммитине катышты

Саясат 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев башында турган КР делегациясы "Туруктуу өнүгүү үчүн диалог аркылуу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө" урааны астында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, иш-чара 2024-жылдын 2-5-майында Банжул шаарында (Гамбия) өттү.

Саммиттин жыйынтыгында бир нече документтер, анын ичинде Банжул декларациясы жана Жыйынтыктоочу коммюнике кабыл алынды, ага кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын эл аралык демилгелери, анын ичинде куралсыздануу жана тоо маселелери боюнча бир нече пункттар киргизилди. Жыйынтыктоочу коммюникенин өзүнчө пункту катары жалпы колдоо менен 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин Туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин ИКУга мүчө өлкөлөрү тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси киргизилди.

Тышкы иштер министринин орун басары Молдогазиев өз сөзүндө кризистерди чечүү жана социалдык, экономикалык жана гуманитардык демилгелерди колдоо үчүн күчтөрдү бириктирүү максатында эл аралык мамилелердин заманбап системасында активдүү саясат жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле КР делегация башчысы дүйнөдө түзүлүп жаткан татаал геосаясий кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Буга байланыштуу кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана чыр-чатактарды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү баса белгиленди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин жылдыруунун жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун алкагында КР делегациясы ИКУга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий