• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-азербайжан кызматташтыгын активдештирүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар Кечээ, 6-февралда Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрлер эки өлкөнүн президенттеринин 2019-жылдын октябрында Баку шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн ишке ашырылуусунун жүрүшүн, ошондой эле, Ч.Айдарбековдун Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолугушуусунун жыйынтыктарын, анын ичинде, кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү боюнча Азербайжандын башчысынын Азербайжандын мамлекеттик органдарына берген тапшырмасын ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Азербайжандын президентинин Кыргызстанга биринчи расмий сапарын даярдоо маселелерин талкуулады.

2019-жылдын 7-октябрында Бишкекте болуп өткөн экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү отурумунун жыйынтыктары белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков өнөктөштүккө кыргыз тарабы ачык экенин жана азербайжан ишкерлерин Кыргызстандын рыногунан күтөрүн баса белгиледи. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкекте биргелешкен бизнес-форумду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Тараптар региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду колдоп турууну макулдашышты.

Ч.Айдарбеков Азербайжан ТИМ башчысын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий