• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев кыргыз дипломаттарынын 2023-жылдагы ийгиликтери тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө кыргыз дипломаттарынын 2023-жылдагы ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Министр бул жыл экономикалык дипломатияны алдыга жылдырууда абдан жемиштүү болгондугун баса белгиледи.

"ТИМ өз компетенциясынын чегинде бардык мамлекеттик органдарга жана жеке секторго максималдуу саясий жана дипломатиялык жардам көрсөттү. Отчеттук мезгилдеги жолугушуулардын жана иш-чаралардын жалпы саны 364; анын ичинде Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында 164 иш-чара, экспортту алдыга жылдыруунун алкагында - 102, өлкөнүн туристтик потенциалын алга жылдыруу багытында 81 иш-чара. Ата мекендик туроператорлордун Германия, Кытай, Россия Феферациясы, Казакстан, Өзбекстан, Франция, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдө өткөн ири туристтик көргөзмөлөргө катышуусуна көмөк көрсөтүлдү", - деди министр өз сөзүндө.

Ал ошондой эле отчеттук мезгилде президент жана министрлер кабинетинин жетекчилигинин катышуусунда чет өлкөлөрдө 17 бизнес-форум уюштурулганын кошумчалады.

"Көптөгөн ири келишим, макулдашууларга кол коюлду. Дагы бир катар ири келишимдер макулдашуу стадиясында турат. Алардын барында ТИМдин катышуусу бар — биздин эксперттер жана юристтер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин министрликтерге жана ведомстволорго, бизнес топторго жана жеке секторго жардам көрсөтүшөт", - деди Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий