• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бүгүн Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушуусу болду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү менен түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Биздин өлкөлөр ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берерин эске алып, түз авиакаттамды гана эмес, жүк ташууну да ачуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга даяр экени айтылды, бул өз кезегинде биздин өлкөлөр ортосунда товарларды жана продукцияларды ташууну жеңилдетет.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жана жүктөрдү ташуу үчүн эффективдүү транспорттук-логистикалык каттамдарды камсыздоо перспективалары да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий