• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Будапештте Кыргызстандын элчилиги ачылат

Саясат 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Венгриянын борбор шаары Будапештте Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен Бишкекте өткөн тар чөйрөдөгү жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

“Венгрия тарап элчилик үчүн Будапештте имарат берүүгө даяр экенин билдирди”,-деди Казакбаев.

Эскерте кетсек, Венгриянын ТИМ башчысы бүгүн расмий иш сапары менен Бишкекке келген.

Пикир

Оставить комментарий