• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта салык кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Талас шаарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында спартакиада өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага бардык аймактык салык органдарынын жана Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери 11 курама командага бөлүнүп, 300дөн ашык кызматкерлер катышты.

Мелдештин жүрүшүндө командалар спорттун 8 түрү: волейбол, кичи футбол, шахмат, стол тенниси, аркан тартыш, тогуз коргоол, бильярд жана жеңил атлетика боюнча күч сынашты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн команда биринчи орунга ээ болду.

Экинчи орунду – салык органдарынын Жалал-Абад облусу боюнча курама командасы, үчүнчү орунду Ош шаарынын командасы ээледи.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубок, медаль, командалык кубок, диплом жана жеке дипломдор тапшырылды.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын спартакиадасы өлкөнүн ар кайсы аймактарында жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу спорттук иш-чарага айланган.

Пикир

Оставить комментарий