• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Чек ара аймактарынын жашоочуларына техпаспорт жана мамактылар акысыз бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына техникалык паспорттор жана мамлекеттик актылар акысыз бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына көмөк көрсөтүү максатында "Кадастр" мамлекеттик мекемеси техникалык паспортторду жана мамлекеттик актыларды акысыз бере баштады.

Бүгүнкү күндө Баткен району боюнча 43 мамлекеттик акт жана 31 техникалык паспорт, Лейлек району боюнча 181 мамлекеттик акт жана 153 техникалык паспорт берилген.

Белгиленгендей, бул багыттагы иштер мындан ары дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий