• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында 10 бөлүктөн турган реновация долбоору ишке ашат

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын - реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүүнөн билдиришти.

Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.

Долбоор 10 бөлүктөн турат:

  • Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)
  • Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине жаңы автобекет куруу;
  • Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;
  • Нарын шаарынын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу (1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. 20 калкты тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен элге ыңгайлуу маүмкүнчүлүк түзүлөт).
  • Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык турак-жай куруу;
  • Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат;
  • Нарын дарыясына “Айнек асма көпүрө” салуу; (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт)
  • Нарын шаарына Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу; (Муну менен китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү ж.б маданият мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Тянь-Шань, Р.Өмүрзакова парктары реконструкцияланат)
  • Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;
  • Жарандык коргоонун облустук штабын уюштуруу.

Өкүлчүлүктөн долбоор Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен иштеп чыккандыгын жана бул иштер быйылкы жылы башталары кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий