• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды, деп билдирет Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы.

Маалыматка ылайык, жакында аталган кызматтын кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун 5 фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан.

Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий