• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү отура бербей бизнести өнүктүргүлө, кысымга албагыла

Аймак 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ордуңарда отура бербей, кыймылдагыла, каражаттарды тартканды үйрөнгүлө, бизнести өнүктүргүлө, ага жардам бергиле, кысымга албагыла. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

"Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздери чыңдалды, региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды. Бул каражаттар биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат", - деди президент.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми "элитный" фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган фонд болот, - деп кошумчалады президент.

"Мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени кредиттер келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз", - деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий