• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата көргөзмө-жарманке уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 29.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата 31-август күнү Ош шаарында көргөзмө-жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанындагы аянтта өткөрүлөт.

Жарманке Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий