• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу балдар ооруканасында өрт чыгып, 3 өрт бөлүмү тартылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 8-декабрда Ош шаарындагы Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында КРнын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан машыгуу өткөрүлдү.

“Машыгуунун сценарийине ылайык, борбордук байланыш нөөмөткерге патолого-анотомиялык бөлүмүндө өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшүп, бул учурда КР ӨКМнин 3 бөлүмү жетип келип өрттү тез арада өчүрүүгө жетише алды.
Машыгууга шаардагы“Ош РЭС “ жана “тез жардам” кызматы тартылып, өз аракетин көрүштү.

Өрттүк тактикалык машыгуунун максаты өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, мындай машыгуулар календардык пландын негизинде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий