• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 11 миң 850 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 850 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 836 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 114 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 675 миң 251 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 432 миң 665 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий